Аскар Акаевдин уулу Илим Кыргызстанга келди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Туңгуч президенттин өзүнүн келер-келбеси так эмес болууда. Анын кичүү баласы атасынын бир тууган агасына топурак салуу үчүн бүгүн эртең менен саат бештерде “Манас” аэропортуна келип конгонун кабарчыбыз маалымдады. Аны мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиев баш болгон үч-төрт киши тосуп алды. 9 жыл мурун бийликтен кулаган Акаев бир тууганынын жаназасына катышуу үчүн бүгүн таң эрте Кыргызстанга өзү келерин анын жакын адамдарды кабарлашкан болчу. Аскар Акаевдин агасы Болот Акаев 3-августта 82 жашында каза болгон.