Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түштүк Кореяда иштеп жашаган кыргызстандыктардын саны үч жарым миңден ашуун. Эмгек келишими менен барып, анын мөөнөтү бүткөндө кайра мекенине кайтпай, мыйзамсыз жүргөн мигранттар бар. Нике агенттиктери аркылуу корей жарандарына турмушка чыккан кыргыз кыздардын 70-80% үй бүлө кура албай, ажырашып кетишет. Түштүк Кореядагы кыргызстандыктардын бүгүнкү жашоосу, абалы тууралуу кыргыз диаспорасынын өкүлү, “Мекендештер” тасмасынын режиссеру Тагай Өзүбеков “Азаттыкка” маек курду.