Аялзат: боюнан алдырган жаш кыздар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда жылына расмий түрдө 13-17 жаштагы кыздар арасында 200дөн ашуун бойдон алдыруу катталат. 2013-жылы миңден ашуун баланы 16-17 жаштагы өспүрүм энелер төрөгөн. Өткөн жылы алтымыштан ашуун эне өлүмү катталса, арасында 18ге толо элек келин төрөттөн көз жумган. Ал эми Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейинки төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 5-орунду ээлеген жана бул корсоткуч өсүп келет. Адистер өспүрүмдөр арасында бойдон алдырган, эрте жашында төрөгөн учурлар азайбай жатканын айтып коңгуроо кагып жатышат. .