"Ош шаары чымчыктын көзү менен"

Монуев көчөсүндөгү "Ош мунарасы" аттуу көп кабаттуу турак жайды куруп жаткандар.

Шаардын Ош кичирайону. "Каныкей" монумент-сквери.

Айбек Алимжанов көчөсүндө жайгашкан эски унаа таштандылар кампасы.

Калаанын Ысакбек Монуев көчөсүндө түшүп жаткан "Ош мунарасы" аттуу көп кабаттуу турак жай.

Ош шаарынын чыгыш тараптан кирүүчү дарбазасы. Бишкек, Жалал-Абад жана Өзгөн тараптан шаарга кирип бараткандар биринчи ушул жерди көрөт. Бул комплекс "Кыргыз көчү" деп аталат.

Рыспай Абдыкадыров атындагы филармония. Мында 100дөн ашык киши эмгектенет. Концерт, мааракелик иш-чаралардан сырткары филармонияда жайы-кышы кино да коюлат.

Аскар Шакиров (мурдагы Гагарин) көчөсүндөгү маале. 2010-жылкы кандуу окуяда жабыр тарткан айрым турак жайлар азырга дейре калыбына келтирилбей жатат.

Ош шаарынын борбордук базары жана Тилеке баатыр көчөсү. Бул жол Навои көчөсү менен кесилишет. Базарды шаардын сыртына көчүрүү маселеси бир топ жылдан бери айтылып келген менен, азырга дейре аны ишке ашыруу мөөнөтү белгисиз.

Ош шаарынын жанындагы жаңы конуштардын бири. Адатта калаа жакасындагы айылдардын көбү Кара-Суу районуна карайт. Айрым айылдар болсо шаардын ичинде калып кеткен. Аларды "ички анклавдар" деп да атап коюшат. 

Шаардын борбордук автобекети. Бул жайдан көбүнчөсүн областтар аралык жана райондук каттамдар ишке ашат. А шаардын өзүндө 1000ден ашык кичиавтобус элди ташыйт.

Алишер Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу. "Кылым курулушу" деп аталган көпүрө 2015-жылдын май-июнь айларына бүткөнү турат.

Ош кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөр. Шаарда учурда 600дөй көп кабаттуу турак жай бар.

Монуев жана Шакиров көчөлөрүнүн кесилиши. МПА күйүүчү май куюучу жайына калк көп жайгашкан жерде курулуп калган деп айып коюлуп келет.

Шаардын борбордук стадиону жана анын айланасындагы "особняктар". 

Калаада жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Учурда жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор Ошто ондогон үйлөрдү салып башташты. 

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы курган 16 кабаттуу үй. Бул азырынча шаардагы эң бийик имарат болуп саналат. Бирок турак жай азырга дейре эксплуатацияга берилген эмес. Адистер муну үйдүн курулуш эрежелерине туура келбей курулуп калганы менен байланыштырат. Кээлери болсо азыр бул имарат 10-градуска кыйшайып калганын аңыз кылып айтып жүрүшөт.

Шаардагы курулуш базарларынын бири. Ошто бул базарлардын дээрлик көбү менчик.

Ош шаарынын Кара-Суу көчөсү.