Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жайкы эс алуудан кайткан депутаттар регламентке ылайык, бүгүн комитеттерде иштешет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш быйыл 30-июндан 1-сентябрга чейин жайкы эс алууга тараган. Өткөн бир жыл ичинде парламентте 76 пленардык жыйын болуп, 265 мыйзам долбоору талкууланган. Анын ичинен 175 мыйзам кабыл алынып, 137сине президент кол койгон. (Тасма Жогорку Кеңештин басма сөз кызматыныкы)