Активист Мүсүралиев милицияга сурак берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылынын лидери Марат Мүсүралиев эгемендик майрамында уюштурган акция үчүн милицияга сурак берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” активист өзү билдирди. “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы быйыл 9-май күнү да жарандарга георгий тасмасынын ордуна боз үй түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн кызыл тасма тараткан. Ал үчүн күч органдары активисттерди суракка алган эле.