“Курманжан Датка" Чикагодогу кыргыздарды катуу таасирлентти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Режиссер Садык Шер-Нияз тарткан “Курманжан Датка” тасмасы ушул күндөрү чет өлкөдөгү кыргызстандыктар көп жашаган айрым шаарларда мекендештерге көрсөтүлүүдө. Тасма жакында эле АКШнын Чикаго шаарында да журтташтарга көрсөтүлүп, ал жактагы мекендештер менен тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз жана баш каармандын ролундагы актриса Элина Абай кызы да жолугушту. Видео Чикагодо жашаган кыргызстандык Мирлан Мурзапазыловго таандык.