Нарындын суугу сөөктөн өтөт

Мал сугарганы келген айылдыктардын аты сууктан бубак басып кетет.

Ак-Тал сайынын Нарын дарыясына куйган жери кууш болгондуктан тоңгон муздун калыңдыгы 2 метрге чейин жетет.

Ак-Тал сайынын суусун тосуу максатында ушундай дамба курушкан. Бирок ал азыр толуп, ташуу коркунучунда.

Муздун деңгээли көтөрүлүп, Нарын менен Ак-Талааны байланыштырган көпүрөгө жеткени калган. Эгер муз көпүрөгө жетсе, ӨКМ жергиликтүү эл музун чагыш керек дейт.

Айылда 30 градустан ашкан суук болот.

Айылдыктар малын ушул жерден сугарышат.