Нарын: электр баасына каршы эл кайрадан митингге чыкты

Митингге чыккандар суукка байланыштуу электр энергияны лимиттен ашык пайдаланып жатышканын жана кымбат баада төлөөгө шарты жок экенин айтууда.

Нааразы болгон элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн энергетика министри Кубанычбек Турдубаев драма театрынын ичинде эл менен жолугушууда.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.

Нарындыктар ушул эле талаптар менен 17-декабрда митингге чыгып, маселени чечүү үчүн бийликке бир жума мөөнөт беришкен болчу.