Карикатуристтер: “Шарли Эбдого” таазим

Charlie Habdo case support caricature by Current Time

Дүйнөнүн чар тарабындагы саясий карикатуристтер Париждеги куралдуу кол салуудан каза болгон “Шарли Эбдо” сатиралык журналындагы кесиптештерине урмат көрсөтүп, өздөрү тарткан сүрөттөрдү жөнөтүүдө. 7-январда Францияда сатиралык журналга кол салууда 12 киши набыт болгон. “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын кеңсесине жасалган чабуул Франциянын акыркы ондогон жылдардагы тарыхындагы эң кандуу окуя катары бааланууда. Өлкөдө үч күнгө аза күтүү жарыяланды.