Биздин күндөгү “Советтик Ош”

Союз учурундагы тамактануучу жайлардын стилин сактап калган кафелер Ошто ушу күндөрү да бар.

СССР мезгилинде клуб, маданият үйү, же кайсы бир ишканын имараты болгон айрым жерлер, бүгүнкү күндө кароосуз калган учурлары көп. Бул имарат Ош шаарынын Курманжан датка кичирайонунда (Таатандын маңдайында) жайгашкан.

"Сталинка", же "Хрущевка" тибиндеги көп кабат үйлөрдүн көбү Ошто азырга дейре бузулган эмес. Аларга кошумча дубал уруп, же сыртын бир сыйра ремонттоп жашагандар көп.

Имараттын сыртын жыгач менен кооздоо стили бүгүнкү күндө экинчи борбор калаада популярдуу болбогону менен эскиден калган турак жайларда дагы деле бар.

Азыркы жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн фонунда советтик мезгилде курулган жапысыраак эки-үч кабаттуу үйлөр эскидей көрүнгөнү менен, шаарга өзүнчө бир өзгөчөлүк, көрк берип тургансыйт.

Ошто азыр СССР кездегидей күрүлдөгөн поезддер көп болбогону менен, жүк ташуучу саналуу поэзддер бар. Бирок бул аялдамага эми эч ким токтоп "темир атты" күтпөй калды. 

Поезддер жок болгону менен, советтик темир жол бекети мурдагыдай эле иштеп атат. Бирок бул жердин жарымы мамлекеттик, калганында түрдүү менчик ишканалар жайгашкан.

Бул имарат 1960-жылдары "Ош-Текстиль" пахта иштетүүчү заводунун тигүү цехи катары курулган эле. Учурда мында дагы деле кийим тигишет. Албетте тигүүчүлөр жана станоктор мурдагыдай көп эмес жана мамлекеттик эмес.

Совет мезгилинде ар кандай ишканалар жайгашкан имараттардын көбү борбордук көчөлөрдүн боюнда жайгашкандыктан азыр жалаң банктарга айланып калган.

Совет мезгилиндеги "Кыргызстан большевиги", кичинчерээк "Ленин жолу" деп аталган гезит азыркы учурда "Ош жаңырыгы" гезитине айланган. Бирок имараты, анын үстүндөгү советтик урааны өзгөргөн жок.

Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы эң чоң көпүрө да союз учурунда курулган. Мурдараак шаарда орус тектүүлөр көп жашагандыктан, ушу күнгө чейин бул көпүрөнү оштуктар көпүрө дебей, орусча "мост" деп атаганга көнүп алышкан.

1961-жылкы Гагариндин космоско учкан ийгилигинин урматына арналып салынган Ош шаарындагы "Космонавттар багы" жана андагы эстелик ушу күнгө дейре эс алуучуларды кабыл алат. Шаардык бийлик бул жерди жаңылап, иреттеп, бүгүнкү күнгө ылайыктап койгон.

Тьян-Шандын жана Памирдин автомобилчи-чек арачыларына арналып коюлган бул ГАЗ-АА 1987-жылы орнотулган. Эгемендиктен кийин алынып салынып, бирок кийинчерээк кайрадан реставрацияланып тургузулган.

1984-жылы курулган "Сузак чайханасы" ушу күндө өзүнүн мурдагы келбетин сактап калган. Бирок азыр бул жай мурдагыдай карылар эле чай ичип отура турган чайхана эмес, той-аштарга ылайыкталган кафе-ресторанга айланды.

Кадимки советтик "Жигули" унаасы Ош шаарында ушу күнү деле модада.

СССР мезгилиндеги "Пролетариаттар бириккиле", "Эмгекти сүйгүлө" жана "Улуттар ынтымакта болгула" аттуу ураандар Ош шаарында ушу күндөрү да актуалдуу. Ушундай ураандагы сүрөттөр, эстеликтер жана дубал бетинде чегилген чыгармалар да сакталуу бойдон турат.

Советтик мезгилдин эң чоң символу Лениндин эстелиги Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан. Айрым жаштар уюмдары бул эстеликти алдырып салуу демилгесин көтөрүп, бирок ал бийликтер тарабынан колдоого алынган эмес. 

Ош шаардык курулуш колледжинин имараты, борбордук аянттын жанында жайгашкан. 

"Бакыт үйү" же жарандардын никелерин каттоо ишканасы Советтердин мезгилинде кайсы жерде жайгашса, азыр деле ошол жерде. Болгону азыр бул үйдүн алды-артына жалаң "Лимузин", "Хаммер" жана "Лексустар" толуп кеткен.

СССР кезиндеги көп кабаттуу үйлөрду бузуп, анын ордуна жаңы үйлөрдү куруу демилгеси азыр Ош шаарында бирин-серин ишке ашып келет. Бирок алардын сапатын салыштырып, эски үйлөрдү сагынган шаардыктар да көп.

Калаада көпчүлүк балдар аянтчасы да, совет учурундагыдай эле баллондор менен эле шөкөттөлгөн учурлары арбын.

Мурдагы Батыш, азыркы Кулатов кичирайонунда жайгашкан Аскер шаарчасы советтик мезгилдин келбетин сактап турган эң чоң район. Мында көп кабаттуу үйлөр, балдар аянтчалары, ишканалардын имараттары да бүт эле СССР мезгилиндегиге окшошуп кетет.

"Кош келиңиздер!" деген бул жазууну бир кезде "Өзбек ССРинен" кирип келаткандар окуса, азыр Өзбекстандан келаткандар окуйт. 

Бир кездеги Ош шаарынын борбордук авто бекети, азыр четки бекет болуп калган. Башкача айтканда, бекет калаа сыртында болгондуктан учурда бул жерге эч ким каттабайт, эч бир автобус токтобойт.

Союздун атактуу балмуздагы, коктейли жана газдалган суусу азыр Ошто жок, бирок аларды саткан дүкөндөр бар. 

ХХ кылымдагы имарат -  ХХI кылымдагы банк.

Ош шаарындагы №1 балдардын музыкалык мектеби. Ушу күндөр.