Бишкекте бала кароочу китепкана ачылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте бала кароочу китепкана ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкек мэриясынын китепканасында 7 жашка чейинки балдар үчүн акысыз китеп окуу борбору ачылды. Бул борбор бир убакта 20 баланы батыра алат. Ата-энелер балдарын ал жерге 3 саатка калтыра алышат. Борбордун тарбиячылары балдарга китеп окуп берип, оюн ойнотушат. Максаты - балдарды китепке тартуу жана балдарын карата турган кишиси жок шаардыктарга жардам берүү болуп саналат. Китепкана Турусбеков-Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.