Шыкмаматов Нарымбаевден кечирим суроодон баш тартты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин коалициялык кеңеши Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовго болгон доосун карады. Нарымбаев бул маселени талкууга алып чыгуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен кеңешкенин билдирди. Ал жыйында Шыкмаматов жалган маалымат берген деп коомчулуктун алдында кечирим суроосун талап кылды. Юстиция министри кечирим суроодон баш тартты.