Бишкек: Жылуулук борбору жаңыланууда

Учурда Борбордук жылуулук электр станциясында эски жабдууларды демонтаждоо иштери жүрүүдө. 8 буу казан жана 4 турбинанын демонтажы 2015-жылдын декабрь айына чейин бүтүшү зарыл.

Модернизациянын алкагында он бир турбогенератордун төртөө бузулуп, алардын ордуна заманбап эки генератордун курулуусу пландалган. Жаңы турбогенераторлор менен Бишкек ЖЭБу эки эсе көбүрөөк электр энергиясын иштеп чыгуу мүмүнчүлүгүнө ээ болот.