Кыргызстан аялдарынын форуму өтүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн Бишкекте аялдардын алгачкы Улуттук форуму өтүүдө. Ал “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Коомдо айымдардын ролун жогорулатууга багытталган форум 3-мартта аяктайт. Бүгүн төрт окуу жайда жана улуттук китепканада негизги беш маселе талкууланууда. 3-мартта Улуттук филармонияда сунуштар жалпы жыйында каралып, келечекте аткарыла турган иштер пландалат. Форумга коомдогу көрүнүктүү айымдар, ошондой эле жети облустан жалпысы 1200 аял катышууда.