Ош: оппозиция сабалган үйдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрүнө кол салуу болгону тууралуу маалыматты Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, 9-апрель күнү кечинде оппозиционерлер конокто отурган үйдө жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок күч кызматкерлери айтылган дарекке барганда эч кандай тополоңдун изи байкалган эмес. Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Бектур Асанов, Улукбек Маматаев жана Кубанычбек Кадыров 9-апрелде кечинде Ош шаарында конокто отурган үйгө белгисиз кишилер бастырып кирип, кол салышканы, аларды белгисиз жакка алып кетишкени кабарланган. Кийинчерээк алар такси менен Жалал-Абадга кеткени маалым болгон.