Мустафин кыштагы селден кийин...

Куткаруу кызматынын жумушчулары көчөдөгү сууну сордурууда. Кыштакта коопсуздукка байланыштуу жарык өчкөн. Айылдагылар мародерлукка жол бербеш үчүн кезек менен үйлөрдү кайтарууда.

Бул айылдын айрым жашоочулары Караганда, Темиртау калаасындагы туугандарынын үйүндө жашоодо. 
 

Айыл четиндеги штаб тургундарды каттоого алып, таза суу, азык-түлүк, дары-дармек менен камсыз кылууда.

Мустафиндин айрым жерлеринде суунун деңгээли эки метрге чейин жеткен.

Апрелдин 11де болгон суу ташкынынан улат бир капталы кулап калган үй. Тургундардын айтымында, Мустафиндеги көп үйлөр 1950-жылдары саман кошулган кыш менен тургузулган.

Таза суу ташып жүргөн жигит. Селден кийин кыштын велосипед негизги көлүккө айланган.

Үйдүн чатырындагы ит. 

Айылдагы суу каптаган көчө. Адистердин айтымында, 16-апрелде суунун деңгээли 25 сантиметрге түшкөн.

Бүлүнгөн үйдөн буюм-тайымын алып кетип жаткан айыл тургуну.

Бул адам короосуна кире албай, көчөдө туруп итине тамак берүүдө.

Селден кыйраган үй.

Үйдүн ичине кирген суунун көлөмүн дубалдан улам байкоого болот.

Суудан кийин баткак болгон көчөдөн басуу да кыйындады.

Мустафиндеги селден жабыркаган үйлөрдүн чыгымын атайын комиссия эсептей элек. Алар суунун тартылышын күтүп отурушат.

Казакстандын Караганда облусундагы Габиден Мустафин кыштагына 12-апрелдеги суу ташкындан кийин тургундар кайра келе баштады. Алар сел бузган үйлөрүн көрүп, жарактуу буюм-тайымын алып кетүүдө.