Окуучуну окуучу сактап калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл облусунда өткөн аптада эле 11-класстын окуучусун ала качуудан 13 жаштагы иниси куткарып калды. Ал эми дубанда былтыртан бери мектеп жашындагы кыздарды ала качуу боюнча үч окуя катталып, анын ичинде Тоң районунун бир тургуну 15 жаштагы кызды бир койго баалап, күйөөгө бергени ашкере болгон.