Ата журтка кайткандардын саны белгисиз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2010-жылкы калабадан улам Ош жана Жалал-Абаддан ондогон жарандар башка мамлекеттерге көчүп кетишкен. Көпчүлүгү Орусияга сапар алган. Айрымдары убактылуу баш калка издесе, кээ бирлери биротоло мекен которгон. Кооганын изи сууп, кеткендердин басымдуу бөлүгү ата журтуна кайтты. Бирок алардын так саны же пайыздык көрсөткүчү эч бир органда эсепке алынган эмес.