Талас: мүрзөнүн жери талашка түштү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таласта Ак-Дөбөдөгү байыркы шаар калдыгы жаткан жердеги мусулмандардын мүрзөсүнө мындан ары сөөк коюуга тыюу салынды. Бул эң ириде аймактагы улуттук азчылыктардын нааразылыгын жаратты. Археолог-окумуштуулар болсо Ак-Дөбөдө орто кылымга таандык шаардын калдыгы жаткан жер коргоого алынышы керектигин айтып, археологиялык казуу иштерин баштаганы жатат.