Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Мумия фараонго кандайча тууган?


“Сиз мумиядан коркпойсузбу?” Азил сүрөт.
“Сиз мумиядан коркпойсузбу?” Азил сүрөт.

“Күлкү кербендин” бул чыгарылышында мумия тууралуу азилдерди тартуулайбыз.

* * * * * * *

Байыркы Египет (Мысыр) тарыхына арналган музей экспонаттарын көрсөтүп жатып, гид чогулгандарга мумияланган сөөктөрдү тааныштырды:

— Мына бул — фараондун уулу, жанындагысы — фараондун канышасы, андан ары — фараондун бир тууган агасы, а бул алдыдагы болсо — фараондун өзүнүн мумиясы.

— А Мумия болсо фараонго кандай жагынан тууган болуп кетет? — деп бир музей кезүүчү олуттуу кебетеси менен сураптыр.

* * * * * * *

— Өлкөбүздө табылган мумия мусулман аялдын сөөгү болуп чыкты.

— Кантип эле? Ал деген ислам дини пайда боло электе, Мукамбет пайгамбар туула электе жашаган аялдын сөөгү да?

— Билбейм, бакшылардын арасында бир аксакал бар экен, мумия ошого айтып бериптир го?

— А, баягы Төлөнчө акеби? Ал деген Сталин доорунда НКВДда иштеген да. Керек болсо ал мумияны "Социал-Туран партиясынын мүчөсү элем жана Жапониянын тыңчысы болчумун" деп мойнуна алдырмак.

* * * * * * *

— Мумияны изилдөөгө маданият министрлиги акча таба алабы?

— Изилдөө жагын билбейм, кайра көмдүрүп салууга акча таба алат.

* * * * * * *

— Мумияны эмнеге көөм салышты?

— Анын шылтоосу менен министрди кызматынан кетирүү үчүн.

* * * * * * *

Чөнтөгүндө ЖОЖдун диплому бар чала сабат эки киши тарых музейинде бир мумиянын жанына келип аңкайып карап калышыптыр. Мумиянын жанында “Б.з.ч. 2540-ж.” деген жазуусу бар тактачаны карап, бири сурайт:

— Бул эмне деген жазуу?

— Ким билсин? Балким, бул кишини сүзүп алган автомашиненин номурудур? — деп берки жооп кайырган экен.

* * * * * * *

Тарых музейин кыдырган эки мектеп окуучусу фараондун мумиясынын жанына келишет.

— Бу бечараны бинт менен аябай таңып салышкан го, карасаң! — дейт бири.

— Ой-иий, байыркы египеттик хулигандар аябай жазасын берген го, байкуштун? — деп беркиси аяп койот экен.

* * * * * * *

(TT)

XS
SM
MD
LG