Араб эмиратындагы стюардесса Жаннат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мекендешибиз Жаннат Бектурова учурда Араб Эмиратынын Аскер-аба күчтөрүндө инструктор, стюардесса кызматын аркалап келатат. Буга чейин Бахрейндин улуттук авиакомпаниясында борт коштоочу болуп иштеген Жанат ата-энесине, жакындарына гана жардам бербестен туулуп өскөн айылындагы мектепке, окуучуларга, мугалимдерге көмөк көрсөтүп келет. Жергиликтүү бийликти чет жакта окуп же иштеген мекендештердин күчүн, акылын пайдаланып калууга чакырат.