Көчөт тигип, картошка терген лидерлер
Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын өз өлкөсүндөгү фермалардын бирине барып, алма тергендер менен таанышкан.
Беларус президенти Александр Лукашенко август айында кичүү уулу менен 1,5 саат ичинде 70 килограмм картошка жыйнаган. Түшүм карылар жана балдар үйлөрүнө берилери кабарланган.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев 2009-жылы Индияга барганда достуктун белгиси катары сандал дарагынын көчөтүн отургузган.
Орусиянын президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн балык чарбасына жардам берүүдө.
АКШ президенти Барак Обама өз колу менен тамак бышырууда.
Жапон премьер-министри Шинзо Абе фермерлерге күрүч жыйноого жардам берип жүргөн кези.
ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский орусиялыктарды ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырып келет. "Орусия импортсуз жоголбойт" акциясында жергиликтүүлөр туздаган помидорду кармап турат.
Польшанын мурдагы президенти Лех Валенса Француз революциясынын урматына көчөт отургузууда.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өндүрүш ичинде.
Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон өндүрүш вентиляторунун буроосун бекитүүдө.