Нарын: жайлоого төгүлгөн таштанды

Эки жылдан бери "Таза Нарын" муниципалдык ишканасында иштеген Нурбектин айлыгы он миң сом.

Бир машина күнүнө эки ирет таштанды төгүп келет.

Алымбек үч жылдан бери таштанды чыгаруучу машинаны айдайт. 

Шаар тургундары өлгөн малын таштандыга ыргытып кеткен учурлар көп.

Таштанды чыгаруучу автоунаа бир барганда төрт метр куб акыр-чикир чыгарып келет. 

"Таза Нарын" ишканасында 16 киши иштейт. Ишкана жумушчуларга түшкү тамагын жанына салып бергендиктен, алар иш маалында эле тамактанып алышат.

Калаадагы таштандылар шаар четинде жайгашкан Карга-Жайлоо өрөөнүнө чыгарылат. Бул таштанды төгүүчү жайда каргалар көп болгондуктан атын Карга-Жайлоо атап коюшкан экен.

Чогулган таштандыны үч күндө бир жолу трактор менен атайын түртүп, түздөп турушат.

Ишканада жети таштанды чыгаруучу унаа бар. Ар бири күнүнө эки жолудан таштанды төгүп келет. 

Бул жакта атайын күзөтчү иштейт. Күзөтчүнүн милдети - Карга-Жайлоого башка жактан келген ташандыларды төктүрбөө. Бирок учурда күзөтчүнүн иш орду бек, Карга Жайлоонун эшиги ачык.   

Бир күндө шаардан 64 метр куб таштанды чыгарылат. 

Таштанды үчүн шаар тургундары айына 8 сомдон төлөшөт.

Жазында тоодон түшкөн суу күзгө чейин Карга-Жайлоодо көлчүк болуп турат. Көлчүктө ары-бери сүзгөн чычкандарды көрүүгө болот.

Карга-Жайлоонун жалпы аянты беш жарым гектардан ашуун.