Нарындык балбан кыздын ийгилиги

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну, 13 жаштагы Бурулсун Бекболотова Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык таймашта биринчи орунга татыды. Өспүрүм кыздар арасында өткөн бул таймашка Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан келген балбан кыздар катышкан. 40 кг салмак ченеминдеги 14 кыздын ичинен жеңүүчү деп табылган Бурулсун күрөш менен машыгууну 3 жыл мурун баштаган.