Итибаев өлтүрүлгөн үй

Бүгүн кечке жуук Достук кичи районундагы №8 үйгө бекинип алган Алтынбек Итибаев милицияга автоматтан ок чыгарган. 

Итибаев милиция менен атышууда автоматтан ок чыгарган. 

Үй курчоого алынып, ички иштер министри окуя болгон жерге барган. 

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алардын бешөө ошол эле күнү кармалып, үчөө абакта каза болду. 

Качып кеткен төрт адамга издөө жарыяланып, экөө буга чейин атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган. Эдил Абдрахманов 22-октябрда жарадар болуп колго түшкөн.