Жапониянын премьер-министри Кыргызстанга келди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанга 26-октябрда расмий сапары менен келген Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, кыргыз-жапон мамилелер тарыхында бул Жапония премьер-министринин Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий иш сапары. Министрлик тараткан билдирүүдө бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду тереңдетип, кызматташтыкка жаңы дем берери белгиленген.