Эмделген мал ылаңдабайт

Жергиликтүүлөр малын эмдеткенден тышкары уюн жасалма уруктандырып кетишет. 

Эмкананы салууга жергиликтүү бюджеттен 175 миң сом бөлүнгөн. Ал эми курулуш иштерине айылдыктар жардам берген.

Илгиз күчүгүн эмдетүү үчүн жетелеп келген.

Уй - бруцеллез, шарп, кутурма, күйдүргү жана башка ылаңга каршы эмделет. Өткөн айда Нарында кутурма, жайында Ат-Башыдан күйдүргү чыккан. Муну ветеринардык адистер мал убагында эмделбей калганы менен байланыштырган.

Ит менен мышык кутурма оорусуна каршы эмделет. Бир дарынын баасы алты сом. 

Ак-Талаа районунун веткызматкерлери.

Бул ветеринардык эмкана жакын жайгашкан Баетов жана Кайыңды-Булак айылындагы малды эмдөөгө ылайыкташкан. Бул эки айылда 25 миңден ашык кой-эчки жана 3500ге чукул бодо мал бар.

Ветеринардык эмканада жергиликтүү жайыт комитетинин төрөгасы жана айылдын ветеринардык адиси иштейт.

Үй канаттууларына куш тумоосуна каршы эмдөө жүргүзүлөт.

Койго ийне саюу алты сомдон он сомго чейин. 

Эмканада кой кыркса да болот. Бир койду отуз сомго кыркып беришет. 

Жергиликтүү жайыт комитети тарабынан 50 миң сомго дары-дармек алынган.