“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы башталды

Салтанаттуу ачылышы Бишкектеги “Парк отель” мейманканасында өттү. 

Фестивалдын алкагындагы тасмалар 10-13-декабрь күндөрү баш калаада көрсөтүлүп, 14-декабрда жыйынтык чыгат. Андан ары аймактарда уланат.

Уюштуруучулар кабарлагандай, быйыл 18 чет элдик, төрт жергиликтүү фильм тандалган. 

Алардын бардыгы аялдар жана балдардын укугу тууралуу тартылган тасмалар.

"Бир дүйнө-Кыргызстан" 9-эл аралык кинофестивалы "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев тарткан "Кыял" тасмасы менен ачылды. 

Тасмада Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ак-Учук айылынын тургуну, тубаса майып, 10-класстын окуучусу Нургазы Жакшылык уулунун кыялы тууралуу баяндалат. Өз алдынча баса албагандыктан аны сегиз жылдан бери иниси коляска менен мектепке сүйрөп барып, сүйрөп келчү. Тасмага тартылып жатып Нургазы инисин Дастанды убара кылбай, квадроцикл менен мектепке барууну кыялданарын айтып берген.

Натыйжада "Элим, барсыңбы?" фонду аркылуу атын атагысы келбеген “белгисиз демөөрчү” табылып, Нургазынын кыялы орундалган. Баасы 1000 долларлык квадроциклди Уланбек Эгизбаев Кочкорго барып өзү тапшырып, Нургазынын жана анын жакындарынын кубанычына күбө болуп келген.

Бул тууралуу видеорепортаж англис тилине которулуп, чет өлкөлүк маалымат каражаттарына да таркаган.

Фестивалга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги расмий өнөктөш катары катышууда.

Фильмдерди тандаган калыстар курамында мамлекеттек мекемелерде, социалдык кызматтарда иштегендер жана укук коргоочулар болду.