Нарын: окуучулардын радиосу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын районунун Куланак айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектепте мультимедиа борбору иштейт. Окуучулар айылдагы жаңылыктарды топтоп, радио аркылуу өз угармандарына жеткирип турушат. Ошондой эле алар мектептеги иш-чаралар тууралуу кабар берип, окуучуларды туулган күнү менен куттукташат.