Пакистан: 21 адамдын өмүрүн алган чабуул

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы университетке жасалган чабуулдан кеминде 21 адам ажал тапты. Курмандыктардын арасында студенттер менен окуу жайдын кызматкерлери да бар. Аймактын бийлиги чабуулдан кеминде 50 адам жараланганын билдирди. Чабуул бүгүн эртең менен провинция борбору Пешавардан түндүк-батышка карай 20 чакырымдай аралыкта жайгашкан Чарсадда шаарындагы Бача Хан университетине жасалды. Провинциянын полиция башчысы Саид Вазир согушкерлер окуу жай кампусундагы балдар жатаканасын аткылаганын айтты. Бирок ал Пакистан армиясы өлтүрүлгөнүн айтып жаткан төрт согушкер да курмандыктардын жалпы санына кирер-кирбесин тактаган жок. Чабуул үчүн Пакистандагы "Талибан" кыймылы жоопкерчилик алды.