Нарын: кышта гүлдөгөн роза

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Учурда Нарында кыштын чилдеси күчүндө. Суук сыртка чыкылдап турганы менен, Нарын шаарынын тургуну 65 жаштагы Калыйкул Ырысалиевдин күнөсканасында роза гүлү жаркырап гүл ачып жаткан кези. Башкалардан айырмаланып жер-жемиш эмес, гүл өстүргөн багбандын күнөсканасында учурда 600 түп роза гүлү бар.