Дарыгердин катасы, бейтаптардын муң-зары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыркы кездери коомчулукта дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан бейтаптардын алды өлүмгө кабылып, арты майып болуп калып жатат деген кескин дооматтар көбөйдү. Адистер тиешелүү мыйзамдардын жоктугунан улам, дарыгерлерге катаал чаралар көрүлбөй калып, ал өз кезегинде дарыгерлердин адамдын саламаттыгына шалаакы мамилесине жол ачып жатат дешүүдө.