Ошто күнөсканалар эки эсе көбөйдү

Күнөскана иштеткендер негизинен помидор, бадыраң, болгар калемпирин өстүрүүдө. Алар кийинчерээк лимонду да эгүү планын коюшууда.

Дыйкандар жылына эки жолу түшүм алышат. Биринчиси декабрда, экинчиси март-апрелдерде.

Бир чарбада кеминде 10 чакты киши иштейт. Сезон учурунда жумушчулардын саны 20-30га чейин жетет.

Бир гектарга күнөскана куруу үчүн кеминде 5 млн сомдон, 10 млн сомго чейин чыгаша кетет. Бирок бир гектарга түшкөн күнөсканадан дыйкандар, кеминде 4-5 млн сом табат.

Күнөсканалардын саны Ош облусунда жалпы 268ге жетсе, анын 137и эле Кара-Суу районуна туура келет. Калган көпчүлүгү Араван районунда.

Аймакта күнөсканалардын көбөйүшүн адистер эки нерсе менен байланыштырышат. Биринчиден, жөнөкөй талаада дыйканчылык кылуу өзүн актабай калды. Экинчиден, бул соңку кризистик кырдаалда кирешелүү тармакка айланды.

Бирок дыйкандар былтыр талаа дыйканчылыгынан жыйналган жашылча-жемиштер да, күнөсканадан өстүрүлгөндөр да жакшы наркта сатылбаганын айтышат. Анткени базарда алардын наркы аябай арзандап кеткен. Быйыл деле бизде ушундай коркунучтар жок эмес. Бирок күнөсканага болгон көз караштар өзгөрүп, башка дыйкандар да ушуга өтүп атышат.

Ош облусундагы иш сапарынын алкагында күнөсканаларды кыдырган өкмөт башчы Темир Сариев ишкерликтин бул түрү Кыргызстандын бүтүн аймактарына массалык түрдө жайылтуу керектигин айтты. Ал ошондой эле Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки негизги пайда алып келчү иштердин бири күнөскана болоорун да белгиледи.

Деген менен дыйкандар арасында жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоо мүмкүн болбой жатканына нааразы болушууда. Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев быйыл күздө экспорт күчөй турганына ишендирүүдө.

Кыргыз өкмөтү быйыл Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күнөсканалардын санын көбөйтүүнү пландаган. Бул үчүн өкмөт 15 миллиард сом бөлүүгө даяр экенин айткан. Каражат ишкер, дыйкандарга 5 жылга 1 жылдан кийин төлөй баштоо укугу менен берилет. Мындан сырткары Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында 1 миллиард долларлык өлчөмдө күнөскана ачкысы келгендерге 12 пайыз үстөк менен насыя берилмекчи.

Аталган фонддун насыясы «Айыл Банк» жана «РСК-Банк» аркылуу учурда жүздөн ашык мекемелерге берилген. Бирок дыйкандар бул насыяларды берүүдөгү шарттар татаал болуп жатканын айтышууда.

Дыйкандардын айтымында, банктар насыяны дыйкандын колуна түз берей, күнөскана куруп бере турган фирмага, же атайын ишканага которууда.

Күнөскана курган фирмалар сырттан келип дыйкандарга куруп бериши солгун болуп жатканы үчүн дыйкандар насыяны дароо эле дыйкандардын колуна берүүсүн талап кылышууда.

5-февралдагы Оштогу көчмө жыйында премьер-министр Темир Сариев күнөскаларды курууга насыяларды берүү боюнча жеңилдетүү жолдорун иштеп чыгууну тапшырды. Жазгы-талаа иштерине даярдык көрүүнү талкуулаган кеңешмеде ал ар бир аймакта логистикалык борборлорду курууну күчөтүү милдетин койду.