Аксыда оппозиция митинги өттү

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Аскар Ташматов чек ара маселесин тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин айта баштаганда алып баруучу анын колундагы микрофонду тартып алды. 

Натыйжада "Ташматов сөзүн улантсын" дегендер менен ага каршылардын ортосунда тирешүү чыгып кете жаздады.

Алып баруучу микрофонду Камчыбек Ташиевге бергени менен элдин ызы-чуусу токтогончо ал бир аз күтүп, сөзүн андан кийин гана баштады.

Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланыштуу бүгүн Аксынын активи менен премьер-министр Темир Сариев барып жолугуп, маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин айтып, элди сабырдуулукка чакырды жана митинг, акциялар көйгөйдү чечүүгө жардам бербесин баса белгиледи.