Чүйдө 21 үйдөн шектүү диний китептер чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн жума экстремизмге каршы күрөштүн алкагында ИИМдин 10-Бөлүмү Чүй облусунда жүргүзгөн тинтүү учурунда 21 үйдөн 9 миңге жакын экстремисттик, радикалдык мааниде деп шектелген ар кандай китептер, дисктер табылган. Тогуз үйдө мурда эле экстремистик мазмунда деп корутунду чыккан китептеп табылган. Калгандары теологиялык экспертиза чыгарууга берилди. Бул ири иш-чараны жүргүзүү үчүн алты ай даярдык көрүлгөн.