"Баластан" телефондон жомок айтат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Баластан” балдар журналы кыргыз тилиндеги басылмалар, сөздүктөр жана бир топ долбоорлор интернет мейкиндигин өздөштүрүп жатышат. Android жана iOS базаларында иштеген "Баластан" балдар журналын Play Market жана App Store аркылуу кыргыз тилинде көчүрүп алса болот. Аталган журнал буга чейин кагаз жүзүндө гана чыгып келсе эми заманбап технологияга ылайыкташып, мултимедиялык форматта интернетке коюлду. Анын жөн-жайын “Баластан” балдар журналынын башкы редактору Жаныбек Абидетегин айтып берди.