Президент энелерди куттуктады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө жардыкка бүгүн кол койду. Анын негизинде, жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1902 эне “Баатыр эне” ордени менен сыйланат. Ал эми алты баланы толук кандуу тарбиялаган 437 эне – “Эне даңкы” медалын алат.