Саясий куугунтук – эскирген ыкма

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылган “Элдик парламент” кыймылынын лидерлери эки айга камалды. Өлкө башчысы аларды "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, мындан ары аларга катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. “Элдик парламент” уюмунун мамлекеттик төңкөрүш жасоо ниети бар беле? Алардын артында чет элдик күчтөр бар деген президенттин чочулоосу канчалык жөндүү? Кыргызстанда коопсуздукту, туруктуулукту сактоо аракети саясий эркиндикти чектөө менен алмашып жаткан жокпу? “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы бул жолку чыгарылышында ушул жана бакша суроолорго жооп издеди. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров катышты.