Нарымбаев: менин күнөөм далилденген жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен парламенттин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соту уланууда. Бүгүн сот тараптардын жарыш сөзүн угууга киришти. Жараян учурунда Данияр Нарымбаев да, Хажимурат Коркмазов да күнөөсүз экендигин айтышты. Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары аларды актоону, прокурор жазаны катаалдаштырууну сурап жатат.