Кадамжай: селдин кесепети

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

27-май күнү катуу жаандан сел жүрүп, Кадамжай районунун беш тургуну каза болуп, үч жаштагы бала изделүүдө. Кадамжай шаарчасына келген суу түтүктөрү жарактан чыгып, 100дөй үй жай жабыркаган. Каза болгондорго президенттин фондунан 100 миң сомдон берилип, чыгымдарды эсептөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат.