Парламент "жериген" нике мыйзамы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
26-майда Жогорку Кеңеш расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин четке каккан. Ага 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берген. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда аялдардын 15% 18 жашка, ал эми 1% 15 жашка толо электе турмушка чыгат. Бул багытта Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында жүргүзүлгөн изилдөөдө Кыргызстан бешинчи орунда турат. "Азаттыктын" суроолоруна мыйзам долбоордун демилгечиси, депутат Аида Салянова жооп берди.