Ош: өнөрчүлөрдүн фестивалы башталды

Өнөрпоздор, усталар жана уздар өлкөнүн булуң-бурчунан келишкен. Өзгөчө Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусунун райондорунан чогулгандар, Өзбекстандан келген өнөрпоздор да бар. 

Асман тиреп, зым тартылган арканда секирип ойногон акробаттар, көчө ырчылары, маскарапоздор элди черин жазууда. 

Аталган фестиваль Тарых жана маданият жылынын жана II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүдө.

Иш-чарага келген коноктор С.Ибраимов атындагы Кыргыз драма театрынан тарта борбордук аянтка чейин жасалгаланган көчөнү аралап, байыркы Чыгыш маданияты менен таанышууда.

Иш-чараны Тарых жана маданият жылын уюштуруу дирекциясы, II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары катчылыгы, Ош шаардык мэриясы, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарымдуу өкүлчүлүктөрү уюштуруп жатат.

Фестивалга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишкен.