Алты жыл мурдагы каргаша

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад дубандарында болгон июнь калабасына туура алты жыл толду. Беш жүзгө жакын адамдын өмүрүн алган улут аралык кагылыш Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен калды. Окуяга күбө болгон дарыгерлер, милиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери эскерүүлөрүн “Азаттык” менен бөлүштү.