Үркүн: бабалардын качкан изи менен...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үркүндүн 100 жылдыгына карата өткөн жумада Ысык-Көл облусунда жаштардын жүрүшү болду. Өлкөнүн ар кайсыл аймагынан чогулган активисттер “Бабалардын баскан изи” аттуу жүрүш уюштурушуп, 1916-жылдагы кандуу булоондо үрккөн эл жүргөн жолдорду кыдырды. Улуу муун өкүлдөрү жаштарга жүз жыл мурунку окуя тууралуу айтып берип, андай азап-тозок кайталанбасын деп тилек кылышты.