Орусия: полициядан таяк жеген келин

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

38 жаштагы кыргызстандык Стелла Алахунованын Орусияда иштеп жүргөнүнө он жылдан ашкан.  Жолдошу экөөлөп иштеп, Москвадан 250 чакырым алыстыктагы Рязань облусундагы Скопин шаарынан жер там сатып алышып, андан кийин Орусиянын жарандыгын алып, бул жакка биротоло отурукташууну чечишкен. Бирок жарандык алуу үчүн тийиштүү документтерди чогултуп, жергиликтүү миграциялык кызматка кайрылганында ур-токмокко кабылып, жалган жалаа менен өзүнө кылмыш иши козголгонун айтат. "Документтерим туура болсо деле алар көптөн бери албай, айлам кетип жүргөн. Бул барганымда дагы “документтериң жасалма” деп кабыл албай, ошондон кийин жалаа жабышты" дейт Салахунова. Бул акыркы айда эле Орусияда полиция кызматкерлеринен запкы көргөн үчүнчү келин.