Элчиликтеги теракт студенттерди томсортту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кытайда окуган үч жүзгө жакын кыргызстандык студент элчиликтен виза ала албай жатканы белгилүү болду. Кыргызстан бул маселе боюнча Кытайга кайрылып, 30-августтагы терактан бери иштебей турган Бишкектеги консулдук бөлүмүнүн ишин жандантууга чакырды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлеринин 15-сентябрдагы сүйлөшүүсүндө да айтылды. Кытай элчилиги жардыруудан кийин кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтоткон.