Атамбаев Текебаев менен жарашабы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде кыргыздар кечиримдүү болгонун айтып, бири-бирин чукулоонун кесепети тууралуу сүйлөдү. Бул өз кезегинде президент башкы саясий оппоненти, Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жарашышы ыктымал деген өндүү сөздөрдү күчөттү. “Азаттык” бул тууралуу Текебаевдин өзүнөн комментарий алды.