Конституциянын түп нускасы кайда?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламентте 2010-жылы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын түпкү нускасынын кайда экени тууралуу талаш чыкты. Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева мыйзам боюнча түпкү нуска президенттин аппаратында сакталарын билдирди. Ал эми Юстиция министрлиги президенттик аппараттан келген Баш мыйзам көчүрмөсү экенин ырастады.