Чехияда "орус хакер" кармалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чехияда хакер деп шектелген орус жараны кармалды. Чех полициясы кармоону АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР менен кызматташтыкта жүргүзгөн. Полиция тараткан видеодо Евгений Н. ысымдуу жигит Прагада өзү токтогон кымбат баалуу мейманкананын жанындагы ресторандан кармалган. Шектүүнү АКШга экстрадициялоо жагын чех соту чечет.